• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаш футболист Мбаппе Франция курама командасына жеңиш алып келди

Спорт 0

Бишкек, 22.06.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол чемпионатынын 2-турунда Франция менен Перунун курама командалары беттешти.Оюн 1:0 эсебинде Франция алдыга озуп чыкты.

Оюндун 34-мүнөтүндө бурчтан көтөрүлгөн топ франциялык Мбаппеге келгенде ойлонбой туруп дарбазага узатты. Эсеп 1:0 Франция алдыда. 2-таймда бир нече кооптуу чабуулдар болгону менен жыйынтык чыкпады.

Белгилей кетсек, Франция менен Перунун командасы акыркы жолу 1982-жылы оюн өткөргөн. Ал оюнда 1:0 эсебинде Перу жеңишке жеткен.

Пикир

Оставить комментарий