• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Бишкектин 3 конушунда таза суу убактылуу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 09.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 9-мартта "Энесай" суу кампасындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу борбор калаанын 3 конушунда ичүүчү таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Суу саат 09:00дөн 15:00гө чейин шаардагы "Энесай", "Дордой-1" жана "Дордой-2" конуштарында, ошондой эле:

  • №21 муниципалдык аймактык башкарууда;
  • №2, 2а, 4 бала бакчаларында;
  • №9 үй-бүлөлүк медицина борборунда;
  • №20 китепканада;
  • №6, №7 милиция бөлүмдөрүндө;
  • "КУТ МонтажСтрой" ЖЧКсында
  • "Ак-Илбирс" компаниясында;
  • "Бегимай-Дордой" жеке бала бакчасында;
  • Свердлов райондук коомдук-профилактикалык борборунда;
  • "Дордой" №32в базарында таза суу өчүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий