• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүндөн тарта Москва көчөсүнүн бөлүгү жабык болот

Коом 0

Бишкек, 15.05.18. /Кабар/. Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу Москва көчөсүнүн бөлүгү жабык болот. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

“15-майдан тарта Москва көчөсүнүн Ибраимовдон Абдрахманов (мурдагы Совет көчөсү) көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот”,-деп айтылат маалыматта.

Бул тилкеде асфальтбетонду оңдоо, тротуарларды, жол белгилерин орнотуу иштери жүргүзүлөт. Оңдоо иштерин үстүбүздөгү жылдын 5-августуна чейин аяктоо пландалууда.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурап, жол кыймылынын альтернативдик каттамдарын тандоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий