• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бөлмөнү дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалап турабыз – Ухандагы кыргыз студенти

Коом 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Учурда Кытайдын Ухань шаарында билим алып жаткан кыргызстандык студент кыз Азиза Сулайманова "Кабар" агенттигине коронавирус чыккандан кийин шаарда жашоо кандай өтүп жатканы тууралуу айтып берди.

Азиза – Central China Normal университетинин биринчи курсунун студенти. Анын айтымында, дүйнөлүк ММКлар Ухандагы кырдаал тууралуу бир аз ашырып жазууда.

"Кытай бийлиги коронавирус шаарда жайылып кетпеши үчүн тиешелүү чараларды көрдү. Уханда дүкөндөр иштеп, эч ким ач калган жок. Көчөдө эл аз болгону менен дүкөнгө бара жаткан кишилерди көрүүгө болот. Бизде баары тынч. Ызы-чуу түшкөн эч ким жок", - дейт ал.

Азизанын айтымында, карантин киргизилгенден кийин кытай бийлиги шаарды дезинфекция кылып чыккан.

"Ошондой университеттин администрациясы биздин жатакананы дезинфекция кылып, бизге бет кап, дене табын ченегич, самын беришти. Күн сайын саламаттыгыбыз тууралуу маалымат берип турабыз (дене табы, өзүн кандай сезгени тууралуу)", - дейт ал.

Ал белгилегендей, алар өзүнүн ден соолугу үчүн бөлмөлөрүн дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалап турушат.

"Сыртка чыкканда бет кап кийип, башка адамдардан оолак болууга аракет кылабыз", - деп, ал кыргызстандык студенттер Кытайдан кеткиси келип жатканын айтып өттү.

Эскерте кетсек, коронавирустун жаңы түрү аталган шаарда 2019-жылдын аягында чыккан. Учурда расмий маалыматтар боюнча, ал илдеттен 100дөн ашык киши каза болду.

Азыркы тапта 4 миңден ашык кыргызстандык Кытайдын окуу жайларында билим алышууда. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Ухань шаарында 15 кыргызстандык бар (алардын 14ү студент).

Пикир

Оставить комментарий