• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы диний билим берүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Кечээ, 27-январда Москва шаарында КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) директору Зайырбек Эргешов Россия Федерациясынын Улуттар иштери боюнча федералдык агенттигинин (РФ УИФА) жетекчисинин орун басары Михаил Мишин менен жолугушту. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комисиянын басма соз кызматы билдирди.

Жолугушууда 2019-жылдын март айында Россия президенти В.Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында КР ДИМК менен РФ УИФАнын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө кол коюлган меморандумдун негизинде диний билим берүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле Кыргызстан тараптан Россиядагы мигранттар менен иштөө боюнча биргелешкен иш чаралар, диний жана этникалык таандыгы боюнча, дискриминациянын бардык түрлөрүн алдын алуу маселелеринин ишке ашырылышы, өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык радикалдык жана экстремисттик идеялардын жайылуусунун алдын алуу жөнүндө талкуулар жүрдү.

Тараптар 2020-жылда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы эриш-аркак мамилелер жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар Планынын алкагында өз ара аракеттенүүнүн бир катар башка багыттары тууралуу маселелерди дагы карашты.

Пикир

Оставить комментарий