• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжайда ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүргөн жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Кадамжайда мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөн 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Кадамжай РИИБдин Бүргөндү айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкери Ак-Турпак айыл аймагынын Торговый базарында коомдук тартипти көзөмөлдөп жүрүп, шектүү катары ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү автоунааны текшерген.

Автоунаанын айдоочусу Ак-Турпак айыл аймагынын Чоң-Гара айылынын 32 жаштагы тургуну М.Д. унаанын алдыңкы орундугундагы К-16 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды эч кандай документи жок, мыйзамсыз алып жүргөндүгү аныкталган.

Учурда ок атуучу курал алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий