• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

С.Жапаровду колдоп митингге чыккандар түздөн-түз мыйзам бузушту – коомдук ишмер

Коом 0

Бишкек, 25-март /Салтанат Абдраева – Кабар/. Садыр Жапаровдун колдоочуларынын митинги санкциясыз өттү, бул түздөн-түз мыйзам бузуу болуп саналат. Мындай пикирин коомдук ишмер Жыпар Жекшеев билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстандын мыйзамында санкциясыз митингдерди өткөрүүгө арналган белгилүү бир берене бар. “Эгер кимдир бирөө митинг өткөргүсү келсе, чектен чыгып кетпеши керек. Тактап айтканда, мыйзамга баш ийип, митинг өткөрүүгө уруксат алып, андан соң гана аны өткөрө алат. Ошондо алар бардык таарынычтарын айтып, ой-пикирлерин ачыкка чыгара алышат. Бирок дагы бир жолу айтайын, бул мыйзамдуу болушу керек. Анын үстүнө бизде демократия, сөз эркиндиги бар. Бирок, биз Садыр Жапаровду колдогон митинг санкциясыз өткөнүн көрдүк. Анда адамдар ары-бери чуркап, жолдо өтүп бара жаткан машиналарды токтотуп, коомдук тартипти бузушту. Албетте, мындай иш-чараларда атайын ажиотаж жаратууга аракеттенген провокаторлор да көп болот. Бул мыйзам бузуу. Бугай байланыштуу санкциясыз митингдерди өткөрбөш керек”, - деди Ж.Жекшеев.

Анын айтымында, мындай иш-чаралар өзгөчө деле натыйжа бербейт. “Эгерде биз чыныгы эркин, туруктуу жана демократиялуу өнүккөн мамлекетти курууну кааласак, бул сыяктуу аракеттерди токтотуубуз керек. Ошондой эле маселелерди митингдеги кыйкырык, талаптарсыз, цивилизациялуу жол менен чечүүгө өтүшүбүз керек”, - деп билдирди ал.

Коомдук ишмер өлкөдө жоопкерчиликтүүлүктү орнотуу керектигин баса белгиледи.

“Президент бүгүн Кыргызстанда өтө кооптуу саясий оюндар жүрүп жатканын бир нече жолу ачык айтты. Мамлекет башчыдан тышкары бул тууралуу эч ким үндөгөн жок, бул мындай эмес сыяктуу баары унчукпай турушат. Биз президентти сындагандын ордуна кулак түрүп, айланага көз чаптырсак, эмне болуп жатканын түшүнөбүз. Анткени биз бүгүн митингдер эмнеге өтүп жатат, аларды кимдер уюштуруп жана демөөрчүлүк кылып жатканын жакшы билебиз. Бул иш-чаралардын аркасында чоң күчтөр турат”, - деди Жыпар Жекшеев.

Жыйынтыгында, коомдук ишмер бир нерсеге күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартылышы керектигин белгиледи. “Ким болуп, кайсы кызматты ээлесе дагы”, - деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий