• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жол кыймылынын эрежесин бузган 4 автобустун айдоочусу иштен алынды

Коом 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында иш алып барууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишкананын ички комиссиясынын чечиминин негизинде жол эрежесин одоно бузган 4 автобустун айдоочусу иштен алынып, 2 айдоочу 50% сый акысынан, 8 айдоочу 100% сый акысынан ажыратылды.

Белгилей кетсек, ички комиссиянын жыйыны жума сайын өткөрүлөт. Бирок, жарандардан түшкөн кайрылуулардын жана даттануулардын санына жараша жумасына эки жолу жыйын өткөрүүгө болот.

Буга чейин жол эрежелерин одоно бузган 10 айдоочу жумуштан алынып, 21 айдоочу сый акысынан ажыратылган.

Белгилей кетсек, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин билүү деңгээли боюнча сынактан өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий