• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте трансвеститтер журналист менен милиция кызматкерлерине кол салды

Коом 0

Бишкек, 3-август /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте “Радар” агенттигинин кабарчысы Карачач Шакировага жана милиция кызматкерлерине трансвеститтер кол салды. Бул тууралуу журналист өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыккан.

Кечээ ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте “Радар” агенттигинин журналисттерине съемка учурунда 5 трансвестит кол салып, алардын камерасын сындырып салышкан.

Шакированын билдиришинче, ал милиция кызматкерлери менен бирге трансвеститтер жашаган батирде ызы чуу болуп жатканын айткан кошуналардын телефон чалууларынан соң жөнөп кетишкен.

“Съемка учурунда мага трансвеститтер кол салып, камераны сындырып, кийимдеримди айрышып, урушту. Азыр видеону калыбына келтирүүгө аракет кылып жатам, кийинчэрээк интернетке салам”,-деп жазган журналист.

Кийинчерээк ал комментарийлерге ага жана милиция кызматкерлерине трансвеститтер кол салганын жазган.

Жыйынтыгында эртең менен көптөгөн жараттарынан улам журналист ооруканага жаткырылган. Ал эми тартипти бузган трансвеститтер өздүгүн аныктоо жана сурак берүү үчүн жакын жердеги милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий