• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баарын жаап салуу оңой! Президент шайлоодон кийин кайрадан карантин киргизүү жөнүндө

Президент 0

Бишкек, 26.09.20. /Кабар/. «Карантин киргизиш оңой, ал жеңил, баарын жаап салабыз, баардык кыймыл токтойт. Аны менен маселе чечилбейт да», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосуна» берген маегинде.

Маек учурунда мамлекет башчысына азыр эл арасында шайлоодон кийин карантин кайра киргизилет экен деген сөздөр айтылып жаткандыгы тууралуу суроо берилди.

«Башында билесиздер, март жана апрель айларында элди санитардык эрежелерге көндүрөлү деп карантин киргиздик — ал өзүнүн эффектисин берди. Бирок, карантинди кое-бергенден кийин ошол санитардык эрежелерди, социалдык дистанцияны сактабай, кайдыгер мамиле менен, кээ бир саясатчылардын оору жок дегенине эл ишенип чыгып алды. Ошонун жыйынтыгы менен июнь–июль айларында абдан кыйналдык. Оору аябай таркап, ооруканалар, медиктер элге медициналык жардам көрсөткөнгө үлгүрбөй, кандай кыйынчылыктар болду, аны көрдүк да. Ошол үчүн ар бирибиз жооптуу болуп, карантинге ишенбей, ар адам өзүнө тыюу салганды үйрөнүш керек, өзүн сактанганды үйрөнүш керек жана ар адам жоопкерчилик менен мамиле кылыш керек. Анан ошондо карантиндик режим сакталат», — деп баса белгиледи президент.

Пикир

Оставить комментарий