• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бабанов депутаттык мандатын өткөрүп, саясаттан кеткенин билдирди

Саясат 0

Бишкек, 30.12.17 /Кабар/. Жогорку Кеңештин "Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын тапшырып берерин жана саясаттан кетээрин билдирди. Бул тууралуу Бабановдун Facebook расмий баракчасында айтылат.

Төмөндө кайрылуусунун тексти келтирилген:

"Кымбаттуу мекендештерим! Урматтуу Кыргызстандыктарым!

Сиздерге мени колдоп, түшүнүп келгениңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем. Кыргызстаныбызда демократиянын жана атаандаштыктын негизинде президенттик шайлоо өткөнүнө ар бирибиз күбө болдук – бул өлкөбүздөгү стабилдүүлүк менен тынчтыкты чыңдоодо экс-президент А.Ш.Атамбаевдин салымы чоң.

Өлкөбүз эч качан тайбай турган өзгөрүү жолуна түштү.
Программабыз менен ишке ашкан реформаларыбыз элимдин колдоосуна ээ болгонуна сыймыктанам. Өзгөртүүгө арналган максатымды аягына чыгара албаганыма гана өкүнөм. Бул менин кемчилигим.

Ошондуктан мага үмүт арткан ар бир шайлоочумдан кечирим сурайм. Кимдир бирөөгө катуу айтсам, капа кылсам, мени кечиргиле. Даанышман элим бардыгын түшүнүп турат, жасаган иштерибизге келечекте тарых өз баасын берет.

Сиздердин колдооңуздар менен биз күчтүү партия түздүк, элибизге өзгөрүү демин алып келдик. Мамлекеттик аппаратты эффективдүү жана заманбап иштөөгө үйрөтө алдык. Ар бир иштеген ишимде акыйкаттык, чынчылдык менен мен элиме кызмат кылдым.

Элимдин көпчүлүгүнүн добушуна ээ болбой калсам, мен саясаттан кетем деп президенттик шайлоого чейин өз командамдын алдында сөз бергем.

Кымбаттуу Кыргызстандыктарым, жогоруда белгиленген шарттарга ылайык, мен саясаттан, анын ичинде партиялык ишмердиктен, толук бойдон кетип жатканымды жарыялайм. Мындай чечим мен үчүн жеңил болгон жок, бирок азыркы кырдаалда жападан-жалгыз туура чечим болду деп эсептейм.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатымды да тапшырам. Партиябыздын тизмесиндеги кийинки талапкер депутат болот. Бул адилеттүүлүктү, акыйкатты орнотууга жол ачат.

Өзгөчө ыраазычылыгымды ооматта да, оор учурда да, мага ишеним корсөткөн, мени колдогон командама, партиялаштарыма жана тарапташтарыма билдирем. Бардык саясий күчтөрдү биригүүгө чакырам, себеби биздин жалгыз гана мекенибиз бар, ал эми ар бирибиздин тилегибиз - өлкөбүздүн бакубаттуулугу.

Менин командам менен колдоочуларымды саясий куугунтуктун куралы катары колдонулбашын суранам. Эгер мен тараптан кандайдыр бир саясий ката кетсе, ал үчүн жеке мен жооптуумун.

Кыргызстан үчүн кызмат кылчу мекенчил адистер биздин партиябыздын катарында арбын. Саясатчылар келет-кетет; эл түбөлүк. Генералдын катасы үчүн катардагы аскер жоопкер эмес. Мамлекетибизге ар бир мекенчил ишмер маанилүү.

Кезеги келгенде ар бирибиз өз кемчилигибизди моюнга алып, өлкөнүн алдыга өнүгүшүнө жол бошотушубуз керек. Андыктан мен элимдин өсүп-өнүгүшүн каалайм; Кыргызстан сөзсүз түрдө чоң экономикалык секирик жасаарына ишенем, биздин алдыңкы уникалдуу өлкөбүзгө дүйнө таң калган мезгил келет.

Жакынкы келечекте элибизге, Кыргызстаныбызга, саясый кызыкчылыгым жок жардам көрсөтүү үчүн чоң максаттарды алдыма койдум. Алар - чет өлкөдөн инвестицияларды, алдыңкы дуйнөлүк технологияларды өлкөбүзгө тартып келүүдө, элибиздин социалдык жашоо абалын жакшыртууда, билим берүү тармагын өнүктүрүүдө жана кайрымдуулук көрсөтүүдө.

Мен өз өлкөмдү, элимди сүйөм. Балдарым менен неберелеримдин Кыргызстанда жашоосун каалайм.
Кыргызстаныма мен ар дайым кызмат кылам, жардам берем.

Ар бирибиз өз өлкөбүздө, өз элибиздин жанында гана бактылуу боло алабыз!"

Пикир

Оставить комментарий