• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР ТИМ башчысы Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаевди кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаевди кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түрк академиясынын өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы маселелери, академиянын учурдагы ишмердүүлүгү, ошондой эле 2023-жылга пландаштырылган иш-чаралар талкууланды.

Министр Ж. Кулубаев академиянын иши түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого, билим берүү, илим жана технология тармагындагы интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө, жаштардын сапаттуу заманбап билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жана окутуучулар менен илимпоздор үчүн илимий байланыштарды өнүктүрүү жана түрк тилдүү мамлекеттердин илимий, техникалык жана маданий тармактарда натыйжалуу кызматташуусуна көмөктөшүүсүнө багытталышы керектигин белгиледи.

Түрк академиясынын президенти министрге үстүбүздөгү жылдын 28-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Түрк академиясы менен биргеликте уюштурган Академиянын Илимий кеңешинин 6-жыйынына катышкандыгы тууралуу кабарлоо менен, ошондой эле түрк элдеринин тарыхы жана маданияты боюнча өткөрүлгөн жана өткөрүлүүсү пландаштырылган эл аралык конференциялар, форумдар жана семинарлар, ошондой эле Академиянын илимий ишмердүүлүгү боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун соңунда тараптар Түрк академиясынын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүгө жана кызматташууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий