• 88.68
  • 95
  • 0.95

Байсалов Бүткүл кытайлык аялдар федерациясынын төрайымы Шэнь Юэюэ менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытай Эл Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Кытай Элдик Саясий Консультациялык Кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары, ШКУнун Жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык боюнча Кытай комитетинин төрайымы, Бүткүл кытайлык аялдар федерациясынын төрайымы Шэнь Юэюэ менен жолукту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу Кытай Эл Республикасынын элине жана жетекчилигине ыраазычылык сөздөрү менен башталды.

“COVID-19 глобалдык пандемия учурунда Кыргызстанга көрсөткөн берешен бир туугандык жана жакшы коңшулук жардамыңыз жана колдооңуз үчүн ыраазычылык билдирем. Пандемиянын алгачкы күндөрүндө эле Кытай биринчи болуп жардамга келгенин элибиз эч качан унутпайт. Биздин достугубуздун чын ыкластуулугуна жана бекемдигине дагы бир жолу ынандык. Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытай чыныгы дос, ишенимдүү өнөктөш жана жакшы коңшу”, - деди Эдил Байсалов.

Байсалов “ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн кыргыз-кытай мамилелери абдан жогорку деңгээлде экендигин” баса белгиледи.

Өз кезегинде ШКУнун Жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык боюнча Кытай комитетинин Төрагасы Шэнь Юэюэ биздин өлкөлөр эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча тараптардын демилгелерин, позицияларын, эл аралык уюмдардын шайлануучу органдарында өз ара колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи.

Тараптар КР президентинин 2023-жылдын майындагы Кытай Эл Республикасына ийгиликтүү мамлекеттик сапарын белгилешип, эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алышты жана бардык тармактарда жакшы коңшулук жана достук мамиледе терең кызматташууга ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий