• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Байсалов эмгек шарттары боюнча үч тараптуу Башкы келишимге кол коюу аземине катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов министрлер кабинети, Кыргызстандын профсоюздар федерациясы жана республикалык иш берүүчүлөр бирикмеси ортосундагы 2022-2024-жылдарга эмгек шарттары боюнча үч тараптуу Башкы келишимге кол коюу аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Эдил Байсалов куттуктоо сөзүндө Республикалык үч тараптуу комиссиянын мүчөлөрүн 1997-жылдан берки 2 жылдык тыныгуудан кийин социалдык-эмгектик жана ага байланыштуу экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун жалпы принциптерин белгилөө максатында түзүлгөн келишимге кол коюулушу менен куттуктады.

«Бул чындыгында эле коомдук маанилүү документ болуп саналат. Ал экономиканын ар кыл тармактарында жана социалдык чөйрөдө иштеген өлкөнүн жарандарынын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгойт жана адамдардын эмгек укуктарын толук кандуу коргоо үчүн кепилдик берет. Биз мындан ары да чыныгы өнөктөш катары аракеттенүүбүз керек», - деди министрлер кабинетинин башчысынын орун басары.

Эдил Байсалов белгилегендей, министрлер кабинети жарандардын бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган маанилүү кадамдарды жасады: Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы кабыл алынды, 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы иштелип чыкты, бардык колдонуудагы мыйзамдардын инвентаризациясы жасалууда, мугалимдердин, маданият кызматкерлеринин, медициналык жана социалдык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылып, формалдуу эмес сектордун үлүшүн азайтуу максатында чакан жана орто бизнес үчүн жеңилдиктер жана преференциялар белгиленген.

«Профсоюздар жана иш берүүчүлөр менен жолугушууларды өткөрүүдө социалдык өнөктөштүк жалпыбыз – министрлер кабинети, бизнес жана профсоюздар үчүн абдан маанилүү экендигин түшүнүп турабыз. Биздин социалдык өнөктөштүк жалпы максаттарга – биздин мекендештерибиздин жыргалчылыгына жетишүүгө негизделгендиги маанилүү», - деди министрлер кабинетинин башчысынын орун басары.

Сөзүнүн соңунда Эдил Байсалов жетишилген келишимдин маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгилеп, бардыгына жемиштүү иш каалап, келе жаткан 1-Май – Эмгек майрамы менен куттуктады.

Иш-чарага ошондой эле мамлекеттик органдардын, Соода-өнөр жай палатасынын, Эл аралык ишкерлер кеңешинин, Эл аралык эмгек уюмунун, «ЖИА» бизнес-ассоциациясынын, жеткирүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Пикир

Оставить комментарий