• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Байсалов менен Голикова кыргыз-орус мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россияга жумушчу сапарынын алкагында РФ Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Татьяна Голикова менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орус көп багыттуу мамилелеринин актуалдуу темалары, анын ичинде социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык, билим берүү жана саламаттык сактоо жаатындагы, ошондой эле миграциялык өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Эдил Байсалов өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо жана маданий тажрыйба алмашууну кеңейтүү маанилүү экендигин белгиледи.

Атап айтканда, Эдил Байсалов Россияда эмгектенип жүргөн Кыргызстандын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүн ЕАЭБ стандарттарына ылайык милдеттүү медициналык камсыздандыруунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

Ал бул маселенин оң каралышына ишенимин билдирип, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун сунушталышы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана мамлекеттер жана элдер ортосундагы достук байланыштарды тереңдетүүгө өз салымын кошуп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясында жүрүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөктөшөөрүн белгиледи.

Өз кезегинде Татьяна Голикова Россия Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттарындагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого кызыкдар экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий