• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Байсалов ТИКАнын Кыргызстандагы программалык координаторун миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 18.08.23. / Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы программалык координатору Осман Устанын үч жылдык миссиясынын аякташы жана мекенине жөнөп жатышы менен байланыштуу аны кабыл алды.

Эдил Байсалов Осман Устага өлкөнүн координатору катары аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, анын Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достук жана кызматташтыктын жаңы көпүрөсүн курууга кошкон салымын жогору баалады.

ТИКА эки өлкөнүн ортосундагы салттуу боордоштук мамилелерин чыңдоо менен Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жаатында көптөгөн маанилүү долбоорлорду ишке ашырып келет.

Пикир

Оставить комментарий