• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бак-дарактарды дарылоочу эритме адамдар үчүн коопсуз — Бишкек мэриясы

Коом 0


Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаадагы бак-дарактарга белгисиз эритме чачылып жаткан видео боюнча түшүндүрмө берди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, видеодо "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын атайын унаасы көрсөтүлгөн, анда зыянкеч курт-кумурскаларга каршы дары-дармек - инсектицид 10 литр сууга 10 грамм зат өлчөмүндө салынган.

"Аралашма адам денеси үчүн толугу менен коопсуз, ден соолукка эч кандай зыяны жок. Чачыратуу процедурасы түнкүсүн жүргүзүлөт, анткени күндүн активдүүлүгү минималдуу жана дарактардын жалбырактарынын күйүп калуу коркунучу жок", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы шаардыктарды паникага жана чагымчылдыкка алдырбоону, расмий булактардан алынган бардык маалыматтарды текшерүүнү суранат.

Эскерте кетсек, буга чейин ЖМКларда Бишкекте бак-дарактарга белгисиз эритме чачылууда деген маалымат чыккан. Шаардыктар бул дарынын айынан адамдар ооруп калышы мүмкүн деп коркууда.

Пикир

Оставить комментарий