• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бакай-Ата районунда мектептерге интерактивдүү такталар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышов Талас облусунун Бакай-Ата районуна иш сапары менен барып, аймактагы 22 мектептин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Эл өкүлү агартуучулар менен баарлашып, алардын сунуш-пикирлерин угуп, ар бир мектепке өнөктөштөрү менен бирге ала барган интерактивдүү такталарды тапшырды.

Ал жолугушууда "Билимдүү коом, өнүккөн өлкө” – деген ураан мамлекеттик саясаттын маанилүү өзөгү экенин белгиледи.

“Келечек ээлерине мыкты билим берүү менен гана алдыңкы өлкөгө айлана алабыз. Буга дүйнөдөгү көптөгөн өнүккөн өлкөлөр анык мисал. Андыктан, мен депутаттык ишмердүүлүгүмдө билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, айрыкча борбордон алыс жайгашкан райондордогу мектептердин шартын жакшыртууга басым жасап келем. Алдыда дагы чоң пландар, ири долбоорлор турат. Алардын ийгиликтүү ишке ашуусу район үчүн эле эмес, мамлекет үчүн өтө маанилүү”, – деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий