• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бакай-Ата районунда мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кыргызстан айылында Тойчубек уулу Жанадил атындагы мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 375 орундуу мектептин ачылыш аземине агенттиктин директору Нурдан Орунтаев, Талас облусунун башчысы Нурлан Дарданов, Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мугалимдер, мектеп окуучулар катышты.

Аталган мектептин курулуш иштери 2014-жылы башталып, 2023-жылга чейин бүтпөй келген. Өлкө башчысынын тапшырмасына, ылайык аталган мектептин курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

Мектептин жалпы аянты 2859,2 чарчы метрди түзүп, окуучулар сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн жана заманбап жабдуулар менен камсыздалган.

Аталган мектеп Мамкурулуш агенттиги тарабынан 2023-жылы бүткөрүлгөн 105 мектептин тизмесине кирет.

Пикир

Оставить комментарий