• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү министрлиги Кыргызстандагы мыкты мектепти тандайт

Билим 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргыз Республикасынын мыкты мектебин тандоо жөнүндө” буйругу чыкты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, республикалык тандоо 5 этаптан турат.

Ага төмөндөгү жалпы билим берүү уюмдары катыша алат:

  • мурдагы жылдары жеңүүчү болуп аныкталбаган жана окуучулардын саны үч жүздөн кем эмес мектептер;
  • мыкты мектеп аталышына талапкерлер болуп район, шаар жана облус боюнча мыкты жетишкендиктерге ээ болгон мектеп;
  • билим сапаты жогору жана билим берүү кызматын өнүктүрүүдө, жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди, анын ичинде электрондук билим берүү ресурстарын колдонууда ийгиликтүү тажрыйбасы бар мектеп;
  • профилдик жана автордук программаларды ишке ашырган, инсанга багтытталган окутууну өздөштүргөн, техникалык, эстетикалык ж.б. ийримдерди ийгиликтүү уюштурган мектеп.

Пикир

Оставить комментарий