• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунун башчысы ар кандай маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-августта президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ар кандай маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды.

Облустагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Ош облусунун тургундары жер тилкеси, айылындагы социалдык объектилерди жаӊылоо жана материалдык жардам сурап кайрылышты. Ошондой эле долбоорлор жана сунуштарын айтышты.

Зиядин Жамалдинов келген жарандардын көйгөйлөрүн угуп чыгып, маселелер менен таанышып, тийиштүү жетекчилерге жеринен барып чечүүнү айтты. Ал эми материалдык жардамга муктаж жарандарга өкүлдүн фондунан акча каражатын бөлүп берүү тууралуу тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, жуманын ар шейшемби күндөрү Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов жарандарды кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий