• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-августта Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз жыйыны өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сессияга Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Күн тартибинде бир катар коммуналдык, социалдык жана муниципалдык менчик башкармалыгына тиешелүү маселелер каралды.

"Жыйында Л.Бакирова, Мамыр Баатыр көчөсүндө жайгашкан жер тилкенин укуктук зонасын өзгөртүү жөнүндө, М.Исакулов, 3 дарегиндеги «Даанакер» коомдук уюму тарабынан иштетилген 100 чарчы метр жер тилкесинин ижара акысын бекитип берүү жөнүндө жана ар түрдүү маселелер каралды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий