• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бакай-Ата районунда шамал бир нече үйдүн чатырын учурган

Кырсык 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Бакай-Ата районунда шамал бир нече үйдүн чатырын учурган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-май күнү саат 16:00 чамасында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата жана Ак-Дөбө айыл аймактарында шамал катталган (шамалдын ылдамдыгы такталууда).

Шамалдын кесепетинен Бакай-Ата айыл аймагына караштуу Бакай-Ата айылынын Манас көчөсүндө жайгкашкан турак үйдүн 4 даана тунуке шиферин, Кайназар көчөсүндө жайгашкан гараждын 7 жана бастырманын 7 даана шиферин, Эркинбек көчөсүндө жайгашкан бастырманын 12 даана темир шиферин учуруп кеткен.

Ошондой эле Ак-Дөбө айыл аймагынын Кызыл-Сай айылындагы Сулайман көчөсүндө жайгашкан устакананын 144 даана темир шиферин шамал учуруп кеткен.

Тактоо иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин Бакай-Ата райондук бөлүмүнөн ыкчам топ тартылды.

Бүгүн, 20-май күнү тактоо иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий