• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде 33 жаштагы келин асынып алган

Кырсык 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Баткен облусунун Кара-Булак айылында 33 жаштагы келин асынып алган. "Кабар" агенттигине облустук милициядан кабарлашкандай, маркумдун денеси 27-июнда болжол менен саат 07:30да табылган.

Маалыматка ылайык, аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган. Окуя болгон жерге келген ыкчам-тергөө тобу маркумдун өздүгүн такташкан. Ал 33 жаштагы О.Б., аттуу жаран болуп чыккан.

Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүүдө. Маркумдун артында төрт баласы калды.

Пикир

Оставить комментарий