• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бакыт Төрөбаев КМШнын Электр энергетикалык кеңешинин 62-жыйынына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 22.08.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарында болуп өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Электр энергетикалык кеңешинин 62-жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Белгилей кетсек, жыйынга КМШга мүчө мамлекеттердин Энергетика министрлери жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өкүлдөрү, ошондой эле республиканын энергетика тармагындагы тиешелүү ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйында сөз сүйлөгөн Бакыт Төрөбаев, быйыл Кыргызстан КМШга төрагалык кылаарын жана төрагалыктын стратегиялык багыттарынын бири инновациялык жана аз көмүртектүү энергияны өнүктүрүү экенин билдирди.

“Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүү потенциялы жогору. Учурда бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Бүгүн болсо Шериктештиктин потенциалын чыңдоого жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты жогорулатууга жардам бере турган конструктивдүү чечимдерди иштеп чыгууну каалайм”, - деди Төрөбаев.

Ал ошондой эле, өлкөнүн энергетика тармагын жогорку деңгээлге чыгаруу үчүн КР президентинин жарлыктары жана тиешелүү ченемдик укуктар кабыл алынып, учурда Министрлер Кабинети аткарып жаткан айрым иштерине токтолду.

“Ысык-Көл облусунда Россия, Казакстан жана Кытайдан инвестицияларды тартуу менен гигаватт классындагы күн жана шамал энергиясы боюнча долбоорлор иштелип жатат. Жабдууларды жана газ менен камсыз кылууну эсепке алуу менен Чалдовар айылында кубаттуулугу 500 МВтка чейинки комбинациялуу станцияны долбоорлоо жана ишке киргизүү, ошондой эле тынчтык атомдук энергетика жана жашыл суутек боюнча пилоттук долбоорлорду ишке киргизүү маселелери изилденип жатат”, - ал.

Масштабдуу “Камбар-Ата 1” ГЭСин даярдоо этабынын курулушу аяктоо алдында турганын кошумчалай кетели. Бул — унаа жолунун, подстанциянын, электр чубалгыларынын, тоннелдердин, көпүрөнүн жана куруучулардын конушунун курулушу. Буга катар Казакстан жана Өзбекстан биргелешкен ишкана түзүү иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, “Камбар-Ата 1” ГЭСинин долбоордогу жалпы кубаттуулугу 1860 МВт жетип, жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө.

Ал эми КМШнын Электр энергетикалык кеңеши – Шериктештикке мүчө мамлекеттердин экономикасын жана калкын электр энергиясы менен туруктуу жана ишенимдүү камсыздоого багытталган электр энергетикасы тармагында биргелешкен жана макулдашылган иштерди жүргүзөт. Анын алкагында административдик жана протоколдук документтер каралды.

Пикир

Оставить комментарий