• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бакыт Төрөбаев: Мамлекеттик кампаларда азык-түлүктөрдүн кору жетиштүү

Өкмөт 0

Бишкек, 30.12.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында сакталып турган азык-түлүктөрдүн жетиштүүлүгүн жана сактоо шарттары менен жеринде таанышып чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Эң көп пайдаланылган тамак-аш азыктарына кирген буудайдын, ундун, өсүмдүк майынын жана кумшекердин корун мамлекеттик кампаларда ашыгы менен сактап туруу азык-түлүк коопсуздугунун алдын алат”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Ошондой эле, Чүй облусунун Кант шаарында жайгашкан өсүмдүк майын өндүрүү боюнча иш алып барган “Ли Бин” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкананын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышып чыккан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, мамлекеттик деп эсептелген “РСК Банк” жана “Айыл Банк” банктарынын жетекчилерине азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого катышкан ишканалардын арыздарын биринчи кезекте кароону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий