• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бакыт Төрөбаев транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Отурумдун жүрүшүндө ата мекендик продукциялардын эл аралык рынокторго чыгышын камсыз кылуу, эффективдүү транзиттик коридорлорду түзүү боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан чараларга байланыштуу маселелер каралды.

Бакыт Төрөбаев жакынкы аралыкта мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча буга чейин башталган долбоорлорду ишке ашырууну аяктоо зарылдыгын белгиледи.

“Жүк ташуучу транспорттордон жана автобустардан жыйымдарды электрондук түрдө чогултуу, салмагын жана өлчөмүн көзөмөлдөө боюнча маалыматтык системаны ишке киргизүү” долбоорун ишке ашыруунун алкагында республиканын унаа жолдорунун тармагын сактап калуу милдети коюлган. Ошол эле учурда чогулган каражаттар жаңы жолдорду жана көпүрөлөрдү курууну баштоого шарт түзөт”, – деди ал.

Ошондой эле, жолугушуунун катышуучулары Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун калктуу конуштарынын түндүк айланма жолун реконструкциялоо долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемелерине түзөтүүлөрдү киргизүүнү жана эл аралык коопсуздук жана сапат стандарттарына жооп бере турган Бишкек-Ош жолунда альтернативдүү тоннелди куруу зарылдыгын талкуулашты.

Жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, мамлекет электрондук башкаруу системасын киргизүү жагынан жол инфраструктурасын реформалоого багытталганын баса белгиледи.

“Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы долбоорлор аркылуу маршруттук каттамдарды бөлүштүрүү системасына санариптик технологияларды киргизүү, электрондук билеттерди сатуу, автобекеттердин инфраструктурасын жакшыртуу, шаарлар аралык каттамдар үчүн электр автобустарын чыгаруу жана электрлештирүү инфраструктурасын түзүү”, –деди Бакыт Төрөбаев.

Жыйында мындан тышкары, “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун курулушунун жүрүшүнүнүн аткарылышы боюнча маалыматтар, Балыкчы–Кочкор–Кара-Кече темир жолунун курулушуна инвесторлорду тартуунун жыйынтыктары тууралуу маалымат угулду.

Жолугушуунун катышуучулары Өзбекстан Республикасынын, Түркмөнстандын аймактары аркылуу Каспий деңизинин портторун пайдалануу менен Азербайжан Республикасына жана андан ары Европа өлкөлөрүнө жаңы мультимодальдык транспорттук коридорлордун шартында республиканын транспорттук-транзиттик потенциалын комплекстүү пайдаланууну камсыздоо маселелерин чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий