• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аскер кызматчыларына диний экстремизмдин кесепеттери тууралуу маалымат берилди

Коом 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 12-декабрда аскер кызматчыларына диний экстремизмдин жана терроризмдин кесепеттери тууралуу маалыматтар берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча КР өкмөтүнүн жана Коргоо министрлигинин тапшырмасына ылайык,Ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын арасында “Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын өзгөчөлүктөрү” аттуу теманын алкагында практикалык семинар уюштурулду.

Иш-чарада Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын улук инспектору Манас Аманбаев тарабынан аскер кызматчыларына “Экстремизм, терроризм, радикализм түшүнүктөрү жана келип чыгуулары”, “КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “КРдагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук уюмдардын идеологиясы” аттуу темалар боюнча атайын даярдалган баяндамаларды, видеороликтерди, слайддарды көрсөтүү менен маалыматтар бирилди.

Андан сырткары, интернет мейкиндигиндеги диний-экстремизмге жана терроризмге байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзам тарабынан
каралган жоопкерчиликтер эскертилип, бул багыттарда ИИМ тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар айтылды.

Пикир

Оставить комментарий