• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Белгилүү театр ишмери Жалилбек Жусупов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады.

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти, “Маданияттын мыктысы” төш белгисинин ээси, белгилүү театр ишмери Жалилбек Жусупов 61 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Жалилбек Жусупов 1960-жылдын 25-мартында Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында туулган. 1992-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун кыргыз тили жана адабияты факультетин бүтүргөн.

Ал 1977-1982-жылдар аралыгында Алай райондук маданият үйүнүн катардагы кызматкеринен баштап жетекчисине чейинки кызмат орундарында үзүрлүү эмгектенген. 1985-жылы Алай музыкалык-драма театрынын башкы режиссёру, 1991-2017-жылдары Алай музыкалык-драма театрынын директору кызматын татыктуу аркалап, аймактык театрдын өнүгүшүнө зор салымын кошкон.

Ал Т. Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театрында актёр болуп, көптөгөн ролдорду жаратып, режиссёр катары да бир нече мыкты спектаклдерди койгон.

Жалилбек Жусупов Г. Момунованын «Жашоодон бир үзүм», Б. Жакиевдин «Өкүм», «Жолугушуу», «Күттүргөн жаз да келээр», Ш. Башбековдун «Темир катын», Т. Абдымомуновдун «Алдар көсө», К. Калыковдун «Атасынын баласы» аттуу ж.б. спектаклдерин режиссёр катары сахналаштырып, коомдун руханий баалуулуктарынын өнүгүшүнө жигердүү кызмат кылган.

Жалилбек Жусупов актёр катары да мыкты ролдорду аткарып, М. Тойбаевдин «Ыйык жол» спектаклинде - Эржандын, М. Жакыповдун «Тоодогу чыйырлар» спектаклинде - Бактыбектин, Б. Жакиевдин «Күттүргөн жаз да келээр» спектаклинде - Эрматтын, Ч. Айтматовдун «Бетме-бет» спектаклинде - Ысмайылдын, Т. Абдымомуновдун «Алдар көсө» спектаклинде - Жанчар хандын образын жараткан жана башка бир нече спектаклдерге катышкан.

2017-2019-жылы Н. Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театрынын директору болуп иштеген. 2019-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти болуп иштеп, театр дүйнөсүнө бүтүндөй өмүрүн арнаган.

Мыкты жетекчи, актёр, режиссёр, көп кырдуу талант Жалилбек Жусуповдун жаркын элеси элдин эсинде түбөлүккө калат.

Кыргыз Республикасынын жалпы маданият кызматкерлери маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

К. Иманалиев, Б. Секимов, С. Аманова, И. Балташев, Ш. Бекташов, Т. Апыев, А. Исаков, Т. Абдылдаев, К. Турапов, К. Осмонов, А. Максүтов, А. Өзүбеков, А. Алыбаев, С. Берикбаев, Ф. Бекмамбетов, Б. Рыскулов, А. Абдивахитов, М. Бердишев, А. Абдразаков, К. Ниязбеков, Б. Мадомаров, А. Текешов, О. Айдаров, А. Болгомбаев, А. Набыева, И. Сартбаев, К. Абдрахманов, Д. Нургазиев, Ш. Шейшенов, Б. Куланбаев, Б. Акматов, Э. Боромбаев, Г. Садыбакасова, Т. Сманбеков, И. Дардаилов, Е. Кузнецов, Н. Меңдебаиров, И. Жунусов, Н. Мусаев, А. Абдыкеримова, Н. Абдрахманов, Ж. Кулмамбетов, Э. Кадыркулов, Т. Досбаев, Т. Сыдыков, А. Орозкулов ж.б.

Пикир

Оставить комментарий