• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балдар омбудсмени Асел Чынбаева жаңы жылдык кайрымдуулук акциясына катышты

Коом 0

Бишкек, 29.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева бүгүн, 29-декабрда Улуттук тарых музейи тарабынан уюштурулган жаңы жылдык кайрымдуулук акциясына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Иш-чарага К. Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатынын тарбиялануучулары жана Бишкектин улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык-стационардык мекемесинин жашоочулары катышты.

Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова иш-чараны ачып жатып, бардык катышуучуларды кубаныч тартуулоого жана келе жаткан Жаңы жылга карата майрамдык маанай тартуулоого аракет кылышканын белгиледи.

Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева президент Садыр Жапаровдун атынан окуучуларды жаңы жылы менен куттуктап, аларга ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Иш-чаранын алкагында иллюзионисттердин, жонглёрлордун, А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин оригиналдуу жанр артисттеринин, “Джаз” бий тобунун ырчыларынын жана бийчилеринин мыкты номерлери уюштурулду.

Концерттик программадан кийин чакырылган катышуучуларга музейдин туруктуу экспозициялык залы боюнча экскурсия болду.

Пикир

Оставить комментарий