• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балдар жолдо жүргөндө кандай эрежелерди сакташы керек? ИИМ кеңеш берет

Коом 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ата-энелерге жай мезгилинде балдардын жолдордогу коопсуздугу боюнча бир катар эрежелерди сунуштайт.

Балдар жол кыймылынын эрежелери менен эрте эле тааныша баштайт. Биринчи билим, тажрыйба жана эң негизгиси тарбияны ата-энеден алат. Жайкы эс алуу мезгилинде балдардын жолдогу коопсуздугуна, жүрүм-турумуна өзгөчө көңүл буруу керек.

Жай - балдар үчүн бейкапар мезгил, бирок ошол эле учурда эң оор мезгил. Велосипед тебүү, ролик тебүү, таза абада сейилдөө балдарга жагымдуу сезимдерди тартуулайт. Бирок, ата-энесинен кароосуз калган жаш жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер жолдо көп жаракат алышат.

Биз унаа жолдору көп жана өнүккөн республикада жашайбыз, ошондуктан жол эрежелерин жакшы билүү күнүмдүк турмушта коопсуздугубуз үчүн аябай керек.

Балаңыз үчүн ар дайым санааңыз тынч болушу үчүн жана алар жолдо өзүн ишенимдүү сезиши үчүн ата-энелер:

- күн сайын балдарга жол кыймылынын негизги эрежелерин эскертип туруңуз;

- баланын көзүнчө эч качан жол кыймылынын эрежелерин бузбаңыз;
- унаа жолунун кесилишинен өтүп жатканда баланы колунан кармап өтүңүз;
- балдарга жолдо жүрүүдө этият жана кылдат болууну үйрөтүңүз, эч качан унаа жакын өтүп бара жатканда алдынан өтпөөнү эскертиңиз;
- балдарга дайым жолдон жөө адамдар өтүүчү жолдор менен гана, жолчырактын жашыл түсүндө гана өтүүгө үйрөтүңүз;

Урматтуу ата-энелер балдардын кийимдерин жарык чагылдыруучу элементтер менен жабдууну унутпаңыз!

Балдардын коопсуздугу үчүн кам көрүңүз!

Балдардын жолдогу өмүрүн жана ден соолугун каоргоо сиздин колуңузда экенин эсиңизден чыгарбаңыз!

Пикир

Оставить комментарий