• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балдардын коопсуздугун жогорулатуу үчүн жол кыймылынын эрежелеринде бир катар өзгөрүүлөр киргизилди

Коом 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. Балдардын коопсуздугун жогорулатуу үчүн жол кыймылынын эрежелеринде бир катар өзгөрүүлөр киргизилди. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Нур Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген жаңы Кодекске ылайык, унаада коопсуздук үчүн атайын жабдуулары жок балдары менен жүргөн айдоочуларга 3000 сом өлчөмүндө айып каралган.

"22 бөлүмдүн 22.9 пункту толукталган. Анда 12 жашка чейинки курактагы балдарды ташууга тыюу салган нормалар кошулду. Ага ылайык, төмөнкү жерлерде ташууга тыюу салынды: мотоциклдин арткы отургучунда, борттук платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда, баланын боюна жана салмагына шайкеш болгон балдарды карматуучу атайын түзүлүш жок болгон учурда жеңил автомобилдин алдыңкы отургучунда", - деди ал.

Сатыбалдиев кошумчалагандай, балдарды карматуучу атайын түзүлүштөрдү орнотуу жана аларга балдарды транспорт каражаттарын жана карматуучу түзүлүштөрдү пайдалануу боюнча колдонмолордун талаптарына ылайык жайгаштыруу керек.

Пикир

Оставить комментарий