• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык таэквондо чеберлери эл аралык турнирде 5 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. Таэквондо боюнча Кыргызстандын курамасы Өзбекстандагы Фергана облусунун Ачык кубогунда 5 медаль утушту. Бул тууралуу Кыргызстандын таэквондо ITF федерациясынан кабарлашты.

Турнир 4-5-октябрда Фергана шаарында болуп, ага 700 спортчу катышкан.

Кыргызстандын атынан 10 спортчу катышып, бир күмүш жана төрт коло медаль утушту.

Мухаммадали Жураев 50 кг салмакка чейинкилер арасында катышып, экинчи орунду багындырды. Коло байгеге Жамшидбек Ахматжанов (60 кг), Мухамадазиз Эргашов (40 кг), Хайрулло Сотволдиев (20 кг) жана Мухаммадтохир Хайдаров (25 кг) татыды.

Пикир

Оставить комментарий