• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балдардын укугун коргоо боюнча БУУ Конвенциясынын 30 жылдыгына карата Бишкекте флешмоб өтөт

Коом 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги балдардын укугун коргоо боюнча БУУ Конвенциясынын 30 жылдыгына карата 111 ишенимдүү байланышын маалымдоо боюнча флешмоб өткөрөт.

Аталган иш-чара 2019-жылдын 16-ноябрында саат 13:00дөн 14:00 чейин Дордой плаза 2 соода борборунун аянтчасында өтөт.

Иш-чаранын максаты - балдардын укуктук маданиятын өнүктүрүү. Адеп-ахлактык сапаттарын өстүрүү менен бирдикте балдардын коомдун бир мүчөсү катары өзүнүн укугун жана милдеттерин эске салуу. Балдардын укугу бузулган учурда - 111 ишеним телефондоруна байланышуу керектигин жеткирүү.

Пикир

Оставить комментарий