• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек ЖЭБине 700 миң тонна көмүр алууга келишим түзүлдү - Осмонбетов

Коом 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Бишкек ЖЭБине 700 миң тонна көмүр алууга келишим түзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов билдирди.

"29-июндагы сынактын жыйынтыгы боюнча "Кыргыз көмүр" ишканасы менен 700 миң тонна көмүргө келишим түзүлдү. 20-август күнү Таш-Көмүрдүн 600 миң тонна көмүрүн алуу боюнча сынак жарыяланат. Сырттан 330 миң тонна көмүр алуу боюнча сынак жарыяланып, 12-августта сынактык арыздар ачылды. Бүгүнкү күнү тендердик комиссия иштеп жатат. 11-августта 4 миң тонна мазут боюнча сынактык арыздар ачылып, арыздарды сынактык комиссия карап жатат. Ош ЖЭБине 20 миң тонна кыргыз мазутун алуу боюнча "Кыргызмунайгаз" компаниясы менен келишим түзүлүп, мазут жерине жеткирилди", - деди ал.

Анын айтымында, өлкө боюнча 768 отун базасын ачуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий