• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокен: Ички коомдук транспорт ишин жандантты

Аймак 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. 15-августтан тарта Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда ички коомдук транспорт кайра ишин жандантты. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ар бир кичи автобустун ичинде санитардык эрежелер сакталып, айдоочусу беткап менен антисептиктерди колдонуу менен иш алып барууда.

“Каттамдардын иши башталганы Ноокен районунун тургундарына жакшы жаңылык болду. Себеби, таксиге караганда кичи автобустун ташуу акысы эки эсе аз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий