• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балдардын укуктарын коргоо багытында "111" ишеним телефону иштеп келет

Коом 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. Билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык жактан коргоо, жаштар саясаты жана спорт жаатында балдардын укугун коргоону ишке ашыруу тууралуу өкмөттүк саат өтөт. Бул багытта Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет кечээ, 24 – сентябрдагы жыйынында чечим чыгарды.

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри А. Өмүрбекованын айтымында, 2017 – жылдагы көрсөткүч боюнча оор тумуштук абалда калган 7460 баланын 4715ин абалдан алып чыгууга жетишилди. Алардын 168и ар кандай кыйноолорго кабылышкан. 55 сексуалдык зомбулукка туш болушса, дагы 28и психологиялык жактан басынтуунун торуна түшкөн.

ИИМдин белгилешинче, жашы жетелектерге карата колдонулган кылмыш иштеринин саны өсүп жаткандыгы жан кейитет. Мындай көрүнүштөрдүн 1010 учуру 2015 – жылы катталса, 2016 – жылы 842 бала аянычтуу абалга туш болушкан. 2017 – жылдын көрсөткүчү болсо 1075 баланы түзөт. Балдардын укуктарын коргоо багытында атайын ишеним телефону да уюштурулган. Анын номери "111". 2015 – жылдан бери күнү – түнү иштеген бул байланышка чыгууда акысыз кызмат көрсөтүүлөрдөн республиканын бардык региондорундагыдар колдоно алышат. Үч жыл аралыгында эле кайрылгандардын эсеби – 2401 болгон. Ал эми ушул 2018 – жылдын 5 айында эле аталган ишеним телефонуна 229 жолу чалуулар болгон.

Ата – энелеринен кароосуз калган балдар атайын электрондук эсепке алынышат. Алардын 239уна анкета толтурулган. Арасында чет элдик жарандардын да балдарды асырап алууга кызыккандары бар.

Өлкө аймагында балдардын жатак - мекемелеринин 145и катталган.Алардын 63ү мамлекеттик, 25и – муниципиалдык, 45и менчик, 12си диний багыттагы балдар мекемелери болуп саналат.

Талкууда депутат Алмазбек Токторов диний багыттагы балдар мекемелеринин иш багыты кандай жүргүзүлөрүнө кызыкты. Ал эми депутат Аида Исмаилова көчөдө калган балдардын тагдырына өзү күбө болуп, жардам көрсөткөн учурларга токтолду. Балдар бакчаларына кезек күткөндөр да узун сабак экендигин депутат Альфия Самигуллина айтса, депутат Аида Касымалиева региондордогу курулуп жаткан балдар бакчаларынын иштерине токтолуп, ошол эле мезгилде Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилиги чыгып жаткан иш сапарлардын канчалык мыйзамдуулугун текшерүү талабын койду.

Балдардын укуктары демекчи, соңку мезгилде ымыркайларга ылым санабаган чуулгандуу окуялар жүрөк титиретип жатат. Халаты ак деген менен, айрым ниети кара иштерге аралашып жаткан дарыгерлердин бүтүндөй тармакты көөлөп жатканы коомчулукту дүрбөтүп койду. Ал гана эмес бул көрүнүштүн парламенттин айрым өкүлдөрүн да жаман аттуу кылып жатканы курулай жалаа жапкандык, - дейт тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова жеке өзүнө карата тагылып жаткан каралоо кептерге жооп берип, ак жерден күйгүзгөндөрдү укук коргоо органдары так иликтеши керектигин айтып, атайын билдирүү менен чыкты.

2018- жылдын янарь айына карата ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны – 29, 9 миңди түзгөн.

Республикалык бюджеттин каражатына ортопедиялык – протездөө мекемеси 5 миңден ашык өнүмдөрдү чыгарып, 7 миңден ашык ортопедиялык бут кийимдерди даярдайт. Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин 1000ден ашык арабачалары да оңдолот.

Пикир

Оставить комментарий