• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык режиссердун “Кысым алдындагы тоолор” видеоролиги Италияда көрсөтүлөт

Коом 0


Бишкек, 27.11.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандык режиссер Нурлан Анарбаевдин “Кысым алдындагы тоолор” видеоролиги Италияда Эл аралык тоо күнүнө карата көрсөтүлөт. Бул тууралуу Facebook соцтармагында CAMP Ала-Тоо аймактык коомдук фонду билдирди.

Видеодо адамдар тоого көңүл буруулары керектигин, себеби тоолор бара-бара жоголуп кетиши мүмкүн экени тууралуу айтылат.

“Биз тоолорду өзүбүзгө керек түрдө өзгөртүп алабыз. Мунун таасири болбой койбойт. Кыргызстанда эле 7 жылдан кийин мөңгүлөр 40% азаят”,- дейт видеонун автору.

Эскерте кетсек, Анарбаевдин бул ролиги “Тоолор маанилүү” эл аралык сынагында мыкты катары таанылган. Бул ага “Кысым алдындагы тоолор: климат, ачкачылык, миграция” эл аралык конференцияга катышууга укук берген. Иш-чара 11нен 13-декабрга чейин Римде өтөт.

Ага Улуу Британия, Франция, Перу, Хорватия, Бразилия жана башка мамлекеттерден катышуучулар барышат.

Видео эки номинацияда бааланган – “сүйүүчүнүн видеосу” жана “кесипкөй”. Анарбаевдин монтажа “кесипкөй” номинациясында жеңип чыккан.

Эл аралык тоолор күнү 11-декабрда белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий