• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балдарга дыкат көңүл бургула! Билим берүү министрлиги ата-энелерге кайрылды

Коом 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кеминдеги өспүрүм кыздын өлүмүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, ата-энелерге кайрылуу жасады.

Кайрылууда мындай деп айтылат:

"Билим берүү жана илим министрлиги №1 Кемин орто мектебинин 9-классынын бүтүрүүчүсү Х.О. өлүмүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирет.

Маалым болгондой, кайгылуу окуя ушул жылдын 21-июнунда болгон. Ага чейин Х.О. толук эмес орто билим жөнүндөгү күбөлүгүн алган. Көргөн-билгендердин айтымында, ошол күнү ал күндүзгү саат 12ге жакын үй-бүлөсүнүн жер тилкесиндеги чарбасын сугарганы Берикбаев көчөсүнө барган. Көп узабай анын сөөгү табылган.

Укук коргоо органдарынын ыкчам маалыматтары боюнча, 1979-жылы туулган шектүү кармалган, азыр тергөө иштери жүрүүдө.

Маркум 2005-жылы төрөлгөн. Бул мектепте ал 4-класстан бери окуп келаткан. Анын үй-бүлөсү Алматы шаарынан көчүп келген. Мектеп администрациясынын мүнөздөмөсү боюнча ал токтоо, жоош-момун, эмгекчил кыз болчу, окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылчу.

Кайгылуу окуяга байланыштуу, Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын жайкы каникулу маалында балдарды орун алышы мүмкүн болгон ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак кармоо үчүн ата-энелерди балдарына дыкат көңүл бурууга чакырат".

Пикир

Оставить комментарий