• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков "Таза суу" долбооруна бөлүнгөн акчаны рационалдуу пайдаланууга чакырды

Коом 0

Бишкек. 23.05.19 /Кабар/. «Бөлүнгөн акча каражаттарын сарамжалдуу жана рационалдуу пайдалануу менен бирге, «Таза суу» долбоорунун биринчи этабында кетирилген кемчиликтерди, коррупциялык көрүнүштөрдү кайталоого жол берилбеш керек, — деп баса белгиледи бКыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-майда Бишкек шаарында «Аймактар үчүн Таза суу» Форумунда сүйлөгөн сөзүндө.

Таза суу долбоорунун биринчи этабынын алкагында 47 кичи долбоор текшерилип, анын 18 боюнча Башкы прокуратурага материалдар өткөрүлгөн.

Мамлекет башчысы белгилегендей, азыркы учурда курулушу бүтүп, эксплуатацияга берилген ичүүчү суу менен камсыздоо тармагын сактап калуу — эң курч проблемалардын бири болуп калды.

Буга байланыштуу Президент баса белгилегендей, ар бир айылды суу менен камсыздоо менин жеке көзөмөлүндө болот. Таза суу маселесин чечүүгө катышып жаткан бардык мамлекеттик органдар — курулуп жаткан жана курула турган таза суу курулмаларынын сапатына жеке жоопкерчиликти алышы керек.

«Тилекке каршы, жүргүзүлүп жаткан иш аракеттерге карабастан, таза суу секторунда долбоорлорду даярдоодо жана аны ишке ашырууда көптөгөн кемчиликтер орун алганы мага маалым», — деп билдирди Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий