• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бардык соцтөлөмдөр, анын ичинде пенсиялар өз учурунда жана толук көлөмдө төлөнүп берилет

Өкмөт 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. Бардык кепилденген социалдык төлөмдөр, анын ичинде пенсиялар өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө төлөнүп берилет. Пенсияларды төлөө боюнча кармоолор болбойт, - деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалыматы боюнча, 2020-жылдын декабрь айы үчүн пенсияларды төлөөгө керектөөлөр 4156, 0 млрд сом суммасын түзөт.

Үстүбүздөгү жылдын 18-декабрына карата пенсияларды төлөө 95 %га каржыланган жана жакынкы күндөрү белгиленген графикке ылайык, бардык пенсиялар толук көлөмдө каржыланат.

2021-жылдын январында да пенсияларды каржылоо өз учурунда жана толук көлөмдө ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий