• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башаламан соода-сатык менен күрөшүү: 20 соода түйүнү жоюлду

Коом 0

Бишкек, 17.08.22. /Кабар/. Бишкекте башаламан соода-сатык менен күрөшүү уланууда, - деп кабарлайт муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Октябрь администрациясы шаардык жана райондук кызматтар менен биргеликте жума сайын райондун аймагында мыйзамсыз көчө соодасын токтотуу боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүп турат.

Октябрь районунун башчысы Азамат Дороевдин тапшырмасы боюнча "Тазалык" муниципалдык ишканасы, Октябрь районунун ички иштер башкармалыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы "Ынтымак-2" паркында мыйзамсыз башаламан соода-сатыкка каршы текшерүү жүргүзүштү.

Рейддин жыйынтыгы боюнча 20 башаламан соода-сатык түйүнү, 10 штендер алынды. Көчө соодасын жүргүзгөн бардык сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий