• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясында "Мыкты шаардык долбоорлор" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Коом 0

Бишкек, 17.08.22. /Кабар/. Бишкек мэриясында вице-мэр Мирланбек Байгончоковдун төрагалыгы алдында "Мыкты шаардык долбоорлор" сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Мэриядан билдиргендей, сынакта байгелүү орундарды ээлеген катышуучуларга тиешелүү акчалай сертификаттар тапшырылды.

Мирланбек Байгончоков жеңүүчүлөрдү куттуктап, бардык катышуучуларга Бишкек шаарынын бакубаттуулугун жакшыртуудагы активдүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, сынакка катышуу үчүн 22 арыз келип түшкөн, анын ичинен 17 долбоор каралып, эң мыкты 3 долбоор тандалып алынган.

Сынактын жеңүүчүлөрү төмөнкүдөй аныкталды:

1 – орун - "Бала келечекте" долбоору, Дууланова Индира Батырбековна, байге фонду – 100 миң сом;

2 – орун - "Жолдон аман-эсен өтөм" долбоору, Гибадулина Марям Рафиковна, байге фонду – 80 миң сом;

3 – орун – "Парктардагы шахмат такталары" долбоору, Асаналиев Султан Сапарбекович, байге фонду – 50 миң сом.

Иш-чаранын аягында катышуучулар Бишкек шаарынын өнүгүшүнө жана гүлдөп өсүшүнө өз салымын кошууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий