• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Башкы көзөмөл органы прокуратура органдарын алдыда өтүүчү шайлоого даярдоого карата штаб түздү

Коом 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында прокуратура органдарын алдыда өтүүчү шайлоого даярдоого карата Башкы прокуратуранын штабы түзүлдү. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ушул сыяктуу штабдар республиканын аймактарындагы прокуратураларда да түзүлгөн.

"Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү боюнча бир катар уюштуруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө жана бул туурасында облустук, шаардык жана райондук прокурорлорго да тийиштүү тапшырмалар берилген", - деп айтылат маалыматта.

Учурда прокурорлор тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет булактарындагы билдирүүлөргө жана жарыяларга мониторинг жүргүзүлүп, ошондой эле келип түшкөн арыздар жана кайрылуулар мыйзам талаптарына ылайык каралууда.

"Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 43-бер. 4-б. ылайык, прокуратура органдары аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөйт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жоопкерчилик каралган алардын иш-аракеттерине карата арыздарды (даттанууларды) карай тургандыгын маалымдайбыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий