• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башкы прокуратуранын өкүлдөрү БУУнун 14-Конгрессинин отурумунун ишине катышууда

Коом 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. КР Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү 2021-жылдын 7-12-мартында Япониянын Киото шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулуктун алдын алуу жана кылмыш-жаза сот адилеттиги боюнча 14-Конгрессинин отурумунун ишине катышууда.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара COVID-19 кырдаалына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн негизинде, гибриддик форматта өткөрүлүүдө.

Отурумдун жүрүшүндө, КР Башкы прокуратурасынын өкүлү, Кыргызстандын терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө, коррупция менен күрөшүү, адамдарды сатуунун, киберкылмыштуулук багытында кабыл алынып жаткан чаралары тууралуу баяндама берип, БУУнун улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы Конвенцияларынын алкагында эл аралык кызматташтыкты активдештирүү жана чыңдоо зарыл экендигин белгиледи.

Маалымат үчүн: БУУнун кылмыштуулуктун алдын алуу жана кылмыш-жаза сот адилеттиги боюнча Конгресси 1955-жылдан тартып беш жылда бир жолу өтүп келет. Аталган Конгресс дүйнөдөгү эң ири жана кылмыштуулуктун алдын алуу жана кылмыш-жаза сот адилеттиги тармагындагы көрүнүктүү форуму болуп саналат. Бийлик органдарынын, өкмөт аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү бул Конгресске тажрыйба алмашуу жана жаңы тенденциялар менен көйгөйлөрдү аныктоо үчүн катышып келет.

Пикир

Оставить комментарий