• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башкы штабдын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.12.18. /Кабар/. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

“2018-жылдын 13-декабрында Башкы штабдын коменданттык кызмат бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары 18 миң сом пара алып жатып кармалды”, - деп айтылат маалыматта.

Бул окуя боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий