• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп Рита Карасартова дайындалды

Билим 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп Рита Карасартова дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, агенттикти буга чейин жетектеген Таалайбек Чолпонкулов өз арызы менен кызматтан бошотулган.

Чолпонкулов бул кызматта 2009-жылдан бери иштеп келген.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков бүгүн жаңы дайындалган директорду кесиптик-техникалык агенттигинин жалпы жамаатына тааныштырды.

"Министр түзүмдө буга чейин аткарылган жумуштар үчүн Таалайбек Чолпонкуловго ыраазычылык билдирип, жаңы дайындалган жетекчиге бул тармакта башталган реформаларды улантуу ишине ийгилик каалады", - деп кабарлашты министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий