• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен: аткезчиликке каршы күрөш күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев облустун күч түзүмдөрүнүн, салык, бажы, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү ызматынын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрдү.

Облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, кеңешмеде аткезчиликке каршы күрөшүү, анын себептерин жоюу үстүндө иштөө менен бөгөт коюу маселеси каралды.

Облус башчысы биринчи кезекте чек арадагы аткезчилик тобокелчилиги бар аймактарда, тийиштүү структуралардын кызматкерлеринен түзүлгөн мобилдүү топтордун ишин жандандырууну тапшырды.

Мобилдүү топтор Баткен облусу аркылуу өтүп жаткан оор жүк ташуучу унааларды көзөмөлгө алып, мониторинг жүргүзөт.

Ошол эле учурда ыйгарым укуктуу өкүл Баткен облусунан транзит аркылуу мыйзам чегинде кошуна мамлекеттерге өтүп жаткан оор жүк ташуучу унааларга да мониторинг жүргүзүп, натыйжада өтүп жаткан жүктөрдүн мыйзамдуулугун аныктоо, тактоо менен, мыйзамсыз иш аракеттерге токтоосуз чара көрүү мезгили келип жеткендигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий