• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусу менен Түркмөнстандын Ахал облусу кызматташуу пландарын талкуулашты

Аймак 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов Түркмөнстандын Ахал облусунун башчысы Язмухаммет Курбанов менен видео байланыш аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар эки мамлекеттин көп жылдык алакасын, достук, жакын мамилесин сыймыктануу менен белгилеп, мамлекеттер аралык кызматташууну улай, Баткен жана Ахал облустарынын кызматташуу багыттарын талкуулашты.

Алишер Абдрахманов жана Язмухаммет Курбанов ар тараптуу кызматташууга кызыкдар жана даяр экендиктерин белгилешип, эки тараптуу кызматташуунун келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөшүштү.

Пикир

Оставить комментарий