• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2" долбоору: 86,1 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 30.10.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 26-октябрына карата "Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2" долбоорунун алкагында 98 ишкерге 86,1 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн жалпы көлөмү 350 млн сомду түзүүдө.

Белгиленгендей, Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, КР министрлер кабинетинин 2023-жылдын 28-августунда №508-ттескемеси чыгып, анда “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2” долбоору бекитилген.

Долбоордун максаты Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү.

Пикир

Оставить комментарий